САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 18-сессиясы
2019-жылдын 18 январы № 70
Айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 20-беренесинин 2-3 пунктарына ылайык жана айыл өкмөт башчысы Э.Аруновдун маалыматын угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү боюнча эки тараптуу келишим жактырылсын жана бекитилсин.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Аруновго жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозумбаев |