Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 18-сессиясы
2019-жылдын 18-январы № 71
Григорьевка айылындагы китепканага Ч.Бозумбаевдин ысымын ыйгаруу жөнүндө
Григорьевка айылынын тургуну Г.Ч.Бозумбаеванын арызын, жана Бозунбаев Чолпонбайдын тиешелүү иш кагаздарын, сыйлыктарын карап,талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Маданиятка чоӊ салымын кошкон, 31-жыл Челек жайлоосунда китепканачы кызматында эмгектенген Бозумбаев Чолпонбайдын ысымы Григорьевка айылындагы китепканага ыйгарылсын.
2. Бозумбаев Чолпонбайдын уул-кыздарына, китепканага атасынын ысымы ыйгарылгандан кийин китепканага ар тараптуу көмөк көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Аруновго жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозумбаев |