Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 14-сессиясы
2018-жылдын 22-июну № 55
Үй курууга жер бөлүп берүү жөнүндө
Садыр аке айыл аймагынын аз камсыз болгон өтө муктаж 3 үй-бүлөөсүнө үй курууга жер бөлүп берүү маселесин карап жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Григорьевка айылынын тургундары Оморов Нурлан Муратбекович, Орозахунов Ясынжан жана Дуйшалиев Жекшен Мукашевичтин үй-бүлөөлөрүнө Октябрский көчөсүнөн үй курууга жер бөлүнүп берилсин.
2. Григорьевка айылынын тургуну аз камсыз көп балалуу Мусаев Турганбектин үй-бүлөөсүнө өздөрү колдонуп жүргөн эски МТФнын территориясындагы жерди бекитип берүү жагы каралсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Аруновго тапшырылсын.
Төрага | А.Бозумбаев |