Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 16-сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 64
Жергиликтүү бюджеттен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Айылдык кеӊештин депутаты Акылбек уулу Нурландын, Турак-жай коммуналдык чарба жана жашоо тиричиликти камсыздоо тутумунун жетекчиси Рашев К.Т., айылдык кеӊештин депутаты Курманалиев Т.Ж. жана ФЭБ башчысы Сыдыкова Н.У. маалыматтарын угуп жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Садыр аке айыл аймагындагы суу кудуктарына өрт гидранттарын орнотууга жана көпүрө койгонго кызмат акылары үчүн 20000 сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен каралып берилсин.
2. А.С.Пушкин атындагы орто мектебинин ашканасына суу топточу бак (пищевой емкость) алууга жергиликтүү бюжеттен акча каражаты каралып берилсин.
3. Айыл өкмөтүнүн аппаратына иш сапарларына 15000 сом акча каражаты каралып берилсин.
4. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
5. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Аруновго тапшырылсын.
Төрага | А.Бозумбаев |