Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 16-сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 65
Жааматтар күнүнө карата акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
2017-жыл Маданият жылына карата жылдын жыйынтыгы менен сый акы катары каралган Ысык-Көл облусунун өнүктүрүү фондунан бөлүнгөн 15000 сом акча каражатын жааматтар күнүнө карата жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө сый акы катары бөлүп берүү боюнча карап жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылдын Маданият жылына карата өткөрүлгөн иш чараларга сыйлоо иретинде Ысык-Көл өнүктүрүү фондунан келген 15000 сом акча каражаты, жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрүнө жааматтар күнүнө карата каралсын.
2. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
3. Бул токтомду аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Э.Аруновго тапшырылсын.
Төрага | Т.Курманалиев |