Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 16-сессиясы
2018-жылдын 28-ноябры № 66
Григорьевка-Пристань айылында жайгашкан аскер бөлүгүнүн кайрылуусун кароо жөнүндө
Григорьевка-Пристань айылында жайгашкан 75564 Аскер бөлүгүнүн кайрылуусун карап жана талкуулап айылдык кеӊеш
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 75564 Аскер бөлүгүнүн ок атуу талаасын уюштурууга жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө кайрылуусу эске алынсын.
2. Жайыт комитетинин төрагасы П.Г.Жукка ок атуу талаасын уюштуруу максатында суралып жаткан жер тилкеси жайыт жерине тишелүү болгондуктан, мыйзам чегинде карап, туура чечим чыгарып берүү жагы тапшырылсын.
3. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик-укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жайыт комитетинин төрагасы П.Г.Жукка жүктөлсүн.
Төрага | А.Бозумбаев |