Загрузка документа…
САДЫР АКЕ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
XXVII чакырылышындагы кезексиз 17-сессиясы
2018-жылдын 28-декабры № 69
Садыр аке айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетин бекитүү жана 2020-2021-жылга болжолдуу долбоору жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Бюджеттик Кодексинин» Мыйзамынын 78-беренесинин 2-пунктун жана Садыр аке айыл аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетин карап, талкуулап чыгып Садыр аке айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Садыр аке айыл Аймагынын 2019-жылга карата жергиликтүү бюджетинин көлөмү кирешелер жана чыгышылары боюнча 8638,2мин. сом (сегиз миллион алты жүз отуз сегиз миӊ эки жүз) сом өлчөмүндө анын ичинен:
-тендештируучу грант 2481,1 мин.сом ( эки миллион төрт жүз сексен бир миӊ бир жүз) сом
-атайын каражат эсеби 1100 (бир миӊ бир жүз)сом өлчөмдө өзгөртүүлөрү жана толуктоолору менен бекитилсин.
2. Садыр аке айыл Аймагынын 2020-жылга карата жергиликтүү бюджет кирешелер жана чыгышылары боюнча 8789,7миң сом (сегиз миллион жети жүз сексен тогуз миӊ жети жүз) сом өлчөмүндөгү долбоору жактырылсын.
3. Садыр аке айыл Аймагынын 2021-жылга карата 9130,3 ( тогуз миллион бир жүз отуз миӊ үч жүз сом) өлчөмүндөгү долбору жактырылсын.
4. Жыл ичинде акча-каражаттын сарпталышы бекитилген бюджет боюнча жүргүзүлсүн.
5. Токтом массалык маалымат каражаттарына жарыялансын жана Мамлекеттик- укуктук актылар реестрине киргизүү үчүн Облустук юстиция башкармалыгына жиберилсин.
6. Токтомдун аткарылышы Садыр аке айыл Өкмөтүнүн башчысы Э.Б.Аруновго жана ФЭБ башчысы Н.У.Сыдыковага милдеттендирилсин.
7. Токтомду көзөмөлгө алуу жагы «Бюджет, финансы, экономика, инвестиция тартуу жана орто чакан бизнести өнүктүрүү боюнча» туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Курманалиев |