Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын16-январы № 3
1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы бюджетин калдыгы жана атайын каражатынын калдыгын бекитүү жөнүндө
1-Май айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын VI сессиясынын күн тартибине киргизилген 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетин жана атайын каражаттарын бекитүү жөнүндө, 1-Май Айылдык Кеңештин бюджет жана экономика боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу менен таанышып чыгып, депутаттардын сунуштарын эске алуу менен 1-Май айылдык Кенешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджети калдыгы 526,5(беш жүз жыйырма алты мин беш жүз) сом тиркемеге ылайык проектилерди кош каржылоо үчүн бекитилсин.
2. 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы атайын каражатын калдыгы 1092,3(бир миллион токсон эки мин үч жүз) сом деп бекитилсин.
3. 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-жылдагы жергиликтүү бюджетин жана атайын каражатын калдыгын максаттуу пайдалануу жагы айыл аймагынын башчысы М.Шербаевге милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын жана көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.Абдырайымов |