Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын16-январы № 4
Ажек айылынын тургуну Кулуев Алимбек агайдын ысымын Ажек орто мектебине ыйгаруу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын Ажек айылынын Ажек орто мектебинде көп жыл эмгектенип, эмгеги сиңген инсан Кулуев Алимбек агайдын элесин түбөлүккө калтыруу жөнүндө. Ажек айылынын тургундарынын кайрылууларын жана Айылдык Кеңешинин депутаттарынын сунушун, эске алуу менен Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айылдык Кеңешине келип түшкөн Ажек айылынын тургундарынын сунушун колдоого алуу менен, Ажек айылынын мектебинде көп жыл эмгектенип, эмгеги сиңген инсан Кулуев Алимбек агайдын ысымы Ажек орто мектебине “Алимбек агай” атындагы мектеп болуп ыйгарылсын.
2. Ажек айылынын мектеби “Алимбек агай” атындагы мектеп болуп бекитилгендигин, Ажек айылынын тургундарына жеткирүү Ажек айылынын айыл башчысы Урустомалиев Камбаралы жана айылдык Кеңештин депутаттары Мараимбеков Пайзбек жана Усенов Абдыжапарга милдеттендирилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |