Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын16-январы № 5
Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө №255 Мыйзамына ылайык, айылдык Кеңештин аймагында жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык коеффициенттерин тармак боюнча 0,3 төн 1,2-чейинки өлчөө бирдиктүү жөнүндө
1-Май айылдык Кеңештин 2018-жылдын 16-январындагы VIII чакырылышынын 6- сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамы жетекчиликке алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 27-июлундагы Салык Кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөгү №255 Мыйзамына ылайык 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүндө жайгашкан мүлк жана айыл чарбасына арналбаган жер салыгын эсептөө зоналдык КЗ коеффициенти №1 тиркемеге ылайык белгилөө жүргүзүлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө жана айылдык Кеңештин комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдырайымов |