Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын16-январы № 6
Айыл аймагында “Беккерия чуңкурчасын” жана мал союучу жайды курууга акча каражатын ажыратуу жөнүндө
Айыл аймагынын дыйкан базарында жайгашкан мал союучу жайдын жана Ажек айылынын МТФ участкасында жайгашкан “Беккерия чуңкурчасынын” авариялык абалда экендигин эске алуу менен 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VI сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагында “Беккерия чуңкурчасын” жана мал союучу жайды курууга жайыт комитетинин бюджетинен 250 000 сом акча каражаты ажыратылсын.
- Мал союучу жай үчүн – 100 000 сом
- “Беккерия чуңкурчасы” үчүн – 150 000 сом
2. Акча каражаты ссуда иретинде берүүнү карап чыгуу жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. Аталган курулуштар үчүн жер аянтын ажыратуу айыл Өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.Абдырайымов |