Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы №8
1-Май айыл аймагында “Кыргыз Республикасынын Президентинин 2018-жылды “Региондорду өнүктүрүү” жылы деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын” аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин “2018-жылды Региондорду өнүктүрүү жылы деп жарыялоо жөнүндө” 2018-жылдын 10-январындагы №2 Жарлыгын турмушка ашыруу максатында 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш планды угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары Э.Ажиев жана А.Кожоновдордун сунуштарын эске алып 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жыл “Региондорду өнүктүрүү” жылына карата 1-Май айыл Өкмөтүндө түзүлгөн иш план колдоого алынсын.
2. Иш планга ылайык ар түрдүү сарпталуучу акча каражаттарын ажыратып берүү жагы финансы-экономика бөлүмүнөн суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |