Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 28-февралы № 11
1-Май айыл аймагынын 2018-2023- жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн стратегиялык программасынын планын турмушка ашыруу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын “2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу стратегиялык программасын айыл аймагынын деңгээлинде ишке ашыруу жана аймакты өнүктүрүү” планын угуп жана талкуулап, айылдык Кеңештин депутаттары А.Кожонова жана Ж.Кутмановдордун сунуштарын эске алып 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын 2018-2023-жылдарга өнүгүү стратегиялык программасынын планы кабыл алынсын.
2. “2018-2023-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн туруктуу стратегиялык программасын айыл аймагынын деңгээлинде ишке ашыруу жана аймакты өнүктүрүү” планын негизинде аткарылуучу иштер өз мөөнөтүндө аткаруу колго алынсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |