Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 03-майы № 14
М.Алымбеков атындагы орто мектебине Айры-Там гимназия мектебин гимназия статусун сактап калуу жолу менен бириктирүү жөнүндө
Айыл аймагындагы эскилиги жеткен имараттарда жайгашкан билим берүү мекемелери абдан көп. Ошондой мектептердин бири катары Айры-Там гимназия мектебинин имаратын кошууга болот. Мектеп катары 1960-жылдары курулуп, учурда эскилиги жетип турат. Чатыры жана эшик терезелери, класстар, андагы жарык жана башка шарттар учур талабына туура келбей, окуучулардын толук кандуу билим алуусуна шарттар жаралбай келе жатат. Мындан сырткары, мектепте гимназия мектептери үчүн зарыл эсептелинген кошумча билим берүүгө арналган лабораториялык класстар, китепканалар, спорттук жана актовый залдары, сыноо талаалары жана башкалар жок болгондуктан, мектепте шарт начарлап кеткендиги анык. Ошол эле кезекте, жогорудагы шарттардын баары бар болгон 1150 окуучуга ылайыкташкан, заманбап жана типтүү мектепте тилекке каршы жарымынан көбү бош турат, же тактап айтканда, 450 тегерегинде гана бала билим алат. Ошол себептүү, окуучулардын татыктуу билим алуусун камсыздоо максатында М.Алымбеков атындагы орто мектепке Айры-Там гимназия мектебин гимназия статусун сактап калуу жолу менен бириктирүү зарыл деп табылган. Айры-Там гимназия мектебинин учурдагы тамчы өткөн чатырын капиталдык ремонттоого жергиликтүү бюджеттин каражаты жетишпестигин эске алуу менен билим берүү жаатындагы мектептерди ирилештирүү, оптималдаштыруу жаатындагы реформаларын колдоо максатында 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айры-Там гимназия мектебинин имаратынын өтө эски экендигин жана жанаша бир короодо жайгашкан М.Алымбеков атындагы орто мектептин дээрлик жарымынан көбү бош тургандыгын эске алуу менен М.Алымбеков атындагы орто мектебине Айры-Там гимназия мектебин гимназия статусун сактап калуу жолу менен бириктирүү боюнча сунуш колдоого алынсын.
2. Жогорудагы сунуш боюнча тийиштүү чараларды көрүү Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынан жана райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3. Эки мектепти бириктирүүдөн кийин, бош кала турган гимназия мектебинин имаратын, балдар бакча катары пайдалануу максатында штаттык бирдиктерди ачуу жагы райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
4. Эки мектепти бириктирүүдөн кийин, бош кала турган гимназия мектебинин имаратында балдар бакчасын ачуу үчүн зарыл чараларды көрүү,эмеректер жана башка жабдуулар менен жабдуу жагы айыл Өкмөтүнө тапшырылсын.
5. Ал эми М.Алымбеков атындагы орто мектептин имаратынын бош турган класстарын мектептерди бириктирүү боюнча маселе чечилген мезгилден тартып, ремонттоо окуу жылына даярдоо, боюнча бардык зарыл маселелерди чечүү жагы айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
6. Мектептердин директорлоруна жана эмгек жамааттарына ата-энелер арасында бул жаатта түшүндүрүү иштерин алып баруусу тапшырылсын.
7. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөө айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлүсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |