Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-июну № 16
1-Май айылдык аймагынын жергиликтүү бюджетинин 2019-жылга киреше жана чыгаша боюнча долбоорун жана 2020-2021- жылдарга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн божомолун бекитүү жөнүндө
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын 2019-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоору 19890,2 мин сом, анын ичинен бюджеттик каражат 18140,2 мин сом, атайын каражаты 1750,0 мин сом, 2020-жылга киреше жаа чыгаша бөлүгүнүн божомолу 20160,3 мин сом, анын ичинен бюджеттик каражат 18360,3 мин сом, атайын каражат 1800,0 мин сом, 2021-жылга киреше жана чыгаша бөлүгүнүн божомолу 20396,3 мин сом, анын ичинен бюджеттик каражат 18496,3 мин сом, атайын каражат 1900,0 мин сом, деп бекитилсин жана айыл аймагынын аййл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жороеванын түзгөн долбоору жактырылсын.
2. Кабыл алынган токтомдун аткарылышы 1-Май айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жороевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.Абдырайымов |