Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-августу № 17
Совет-Сай айылына спорттук аянтча куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын Совет-Сай айылындагы бош жаткан 0,20 га жерге спорттук аянтча куруу максатында Айылдык Кеңешинин депутаттары Ж.Чиностанов жана А.Нурматовдордун сунуштарын эске алуу менен Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын Совет-Сай айылына спорттук аянтча куруу үчүн бош жаткан 0,20 га жер ажыратып берүү боюнча сунуш айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынсын.
2. Жогорудагы сунуш боюнча спорттук аянтча куруу үчүн ажыратып берилген жер аянтына мамлекеттик акт берүү Ала-Бука райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |