Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 06-августу № 18
Т Кара-Үңкүр айылына башталгыч мектеп куруу үчүн жер ажыратуу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын Кара-үңкүр айылында Ортоңку Айыл участкасындагы бош жаткан 1,01 га жерге башталгыч мектептин имаратын куруу максатында Айылдык Кеңешинин депутаттары А.Балтабаев жана З.Өмүрбековдордун сунуштарын эске алуу менен Айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын Кара-үңкүр айылына башталгыч мектеп куруу үчүн Ортоңку Айыл участкасындагы бош жаткан 1,01 га жер ажыратып берүү боюнча сунуш айылдык кеңештин депутаттары тарабынан колдоого алынсын.
2. Жогорудагы сунуш боюнча башталгыч мектептин имаратын куруу үчүн ажыратып берилген жер аянтына мамлекеттик акт берүү Ала-Бука райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө төраганын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |