Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу № 20
1-Май айыл өкмөтүндөгү калкты спорттук маданий жактан тейлөө багытында кызмат көрсөтүү сапатын жакшыртуу жөнүндө
1-Май айыл аймагындагы турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдүн жана жарым жетим, тоголок жетим, жашы 40 жаштан жогорку аялдар, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга кичи футбол аянтчасында графиктин негизинде жумасына бир жолу акысыз ойнотуу боюнча 1-Май айыл өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл өкмөтүндө аярлуу топтордун графиктин негизинде кичи футбол аянчасында акысыз ойнотуу боюнча 1-Май айыл өкмөтүнүн сунушу колдоого алынсын.
2. Аярлуу топтордун кичи футбол аянтчасында акысыз ойнотуу графиги түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Баязовага милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдырайымов |