Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 10-августу № 21
1-Май айыл өкмөтүндө кызматтарды аткаруу боюнча келишим түзүү жөнүндө
1-Май айыл өкмөтүнүн кичи футбол аянтчасына кызматтарды аткаруу боюнча балдар спорт мектеби менен келишим түзүү жана анын баасын аныктоо боюнча 1-Май айыл Өкмөтүнүн сунушун угуп жана талкуулап 1-Май айыл Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл өкмөтүндөгү кичи футболдук аянтчаны максаттуу иштетүү боюнча балдар спорттук мектеби менен келишим түзүлүүсү колдоого алынсын.
2. Кичи футбол аянтчада 1 сааттык оюн үчүн ар бир балага 29 сом 60 тыйын деп бекитилсин.
3. Ар кеткен чыгымдар так эсептелсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Т.Баязовага милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдырайымов |