Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышынын кезексиз сессиясы
2018-жылдын 24-августу № 22/1
АРИСтин ПРЖР-2-долбоору тарабынан аткарылуучу долбоорлорду кароо жөнүндө
“АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында 1-Май айыл аймагынын Ак-Башат айылына караштуу Буркут-Уя участкасына мал айдап өтүүчү көпүрө куруу, Жалпакташ участкасына мал жуучу жууткананы калыбына келтирүү, боз үй сатып алуу жана көчмө кыркым уюштуруу, жайыттарды туура пайдалануу үчүн атайын техника погрузчик, дан жыйноочу комбайн СК-5, МТЗ-82 тракторун, пресс-подборщик, соко жана прицеп сатып алуу долбоорлорун айылдык Кеңештин бюджет, каржы инвестиция, муниципиалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап 1-Май айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин мүчөлөрүнө жана фермерлерге ылайыктуу шарт түзүү максатында “АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында 1-Май айыл аймагынын Ак-Башат айылына караштуу Буркут-Уя участкасына мал айдап өтүүчү көпүрө куруу, Жалпакташ участкасына мал жуучу жууткананы калыбына келтирүү, боз үй сатып алуу жана көчмө кыркым уюштуруу, жайыттарды туура пайдалануу үчүн атайын техника погрузчик, дан жыйноочу комбайн СК-5, МТЗ-82 тракторун, пресс-подборщик, соко жана прицеп сатып алуу боюнча 1-Май Ж/К тарабынан даярдалган жана Ж/К нин отурумунда каралган долбоорлор жактырылсын.
2. Долбоорду толук кандуу турмушка ашыруу үчүн тийиштүү 25% салымды айылдык аймактын жергиликтүү бюджетинен кошумча каражат катары кароого макулдук берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын Ж/К нын төрагасы П.Мараимбековго жана ФЭБ башчысы К.Жороевага жүктөлсүн, көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Абдырайымов |