Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 01-ноябры № 26
1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылындагы курулуп, пайдаланууга берилген мечиттин имаратын айыл өкмөтүнүн балансына алуу жөнүндө
1-Май айыл аймагынын Айры-Там айылынын Ч.Абдиназаров көчөсүндө жайгашкан курулуп, пайдаланууга берилген Абдиназар уулу Абдыкадыр атындагы мечиттин имаратын айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алуу боюнча А.Кожонов жана А.Шайназаровдордун сунуштарын эске алып 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жумабаев Арзымат тарабынан курулуп, пайдаланууга берилген мечиттин имараты айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынсын (баланстык наркы 550 000 сом).
2. 1-Май айыл өкмөтүнүн ФЭБне Жумабаев Арзымат тарабынан курулуп, пайдаланууга берилген мечиттин имараты баланска берилсин.
3. Имаратты өткөрүп берүү-өткөрүп алуу иштерин мыйзам чегинде жүргүзүү А.Жумабаевге жана айыл өкмөтүнүн башчысы М.Шербаевге жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |