Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 01-ноябры № 27
Истанбеков Муминберди Оканбековичке Кара-Үңкүр айылындагы “Тешик-Таш” мазарын жана ага тиешелүү жер аянтын бак-дарак эгип, жашылдандыруу үчүн көп жылдык мөөнөт менен ижарага берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жер мыйзамынын 7, 13 жана 32 статьясынын II пунктунун негизинде, муниципиалдык менчик жөнүндө мыйзамына ылайык, Кара-/ңкүр айылындагы “Тешик-Таш” мазарын жана ага тиешелүү болгон жер аянтын бак-дарак эгип, жашылдандыруу үчүн көп жылдык мөөнөт менен ижарага берүү боюнча айылдык Кеңештин депутаттары А.Балтабаев жана З.Өмүрбековдун сунуштарын эске алып, 1-Май айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 1-Май айыл аймагынын Кара-/ңкүр айылындагы Тешик-Таш сайынан орун алган, көп жылдан бери пайдаланылбай келе жаткан 2,0 га аянттагы эски мазардын ордун тосуп, экологиялык абалына көңүл буруу менен суу чыгарып, жашылдандыруу максатында айыл өкмөтүнүн тургуну Истанбеков Муминберди Оканбековичке 7 жылдык мөөнөткө ижарага берилсин.
2. Жерге тиешелүү укуктук мамлекеттик акт берүү жагы Ала-Бука райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгынан суралсын.
3. Жер аянтын жана кароосуз калган мазарды жашылдандыруу, өз каражатынын эсебинен айланасын тосуу, жеңил конструкция менен курулуучу курулмаларды куруу, мазарга келген адамдарга ар тараптуу шарттарды жаратуу боюнча бардык зарыл шарттарды жаратуу жана тийиштүү органдардан каттоодон өтүү жагы Истанбеков Муминберди Оканбековичке милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрагасынын орун басары Т.Баязовага жүктөлсүн.
Төрага | Н.Абдырайымов |