Загрузка документа…
1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
8-чакырылышынын кезексиз 9 сессиясы
2018-жылдын 01-ноябры №30
1-Май айыл аймагына АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында келген техникаларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү жөнүндө
1-Май айыл аймагына АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында келген атайын техника фронтальный подгрузчик жана НИВА СК-5 ти айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүү максатында жайыт комитети П.Мараимбековдун маалыматын угуп жана талкуулап 1-Май айылдык Кенешинин VIII чакырылышынын IX сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. АРИСтин ПРЖР-2 долбоорунун алкагында келген атайын техника фронталный подгрузчик жана НИВА СК-5 техникалары айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлсүн.
2. Техникаларды айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүүнү жайыт комитетине жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылуусун көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага | Н.Абдырайымов |