Редакцияот 03.02.2015
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

1-МАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

2015-жылдын 03-февралы №18

1-Май айылдык Кеңешинде кабыл алынган токтомдорду кыргыз тилинде жүргүзүү жөнүндө

1-Май айылдык Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин токтомдорун кыргыз тилинде кабыл алуу боюнча 1-Май айылдык Кеңешинин бюджет, каржы, инвестиция, муниципиалдык менчик, мыйзамдуулук жана укук тартибин сактоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасынын корутундуларын угуп, 1-Май айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1.  1-Май айыл аймагынын айылдык Кеңешинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 25.03.2010-жылдагы №184 токтому менен бекитилген Жобонун 6-бөлүкчөсүнүн негизинде 1-Май айылдык Кеңешинин токтомдору кыргыз тилинде кабыл алынсын.

2.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы 1-Май айылдык Кеңешинин төрайымынын орун басары А.Касымовго тапшырылсын.

 

Төрага

А.Иманова