Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-марты № 18-1
«Арбын таза суу» ТСКАКБнин Арбын айылындагы таза суу пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитүү тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы таза суу пайдалануучулар үчүн кызмат көрсөтүүнүн тарифин бекитип берүү тууралуу Арбын айылынын тургундарынын жалпы жыйынынын протоколун угуп жана талкуулап “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” КРнын мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун 14-пунктчасына ылайык Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылындагы Арбын таза сууну пайдалануу үчүн ар бир кожолукка кызмат көрсөтүүнүн тарифи төмөндөгүдөй болуп бекитилсин.
a. Суу эсептегичи бар пайдалануучуларга төлөм 1 м3 22 сом
b. Көчөдөгү суу курулмаларынан пайдалануучуларга айына төлөм 80 сом
c Короого киргизилген суу түтүктөрү бар пайдалануучуларга айына төлөм 200 сом өлчөмүндө .
2. Бекитилген тариф боюнча иш алып баруу жагы “Арбын таза суу” ТСКАКБнин жетекчиси А.Мамажунусовага тапшырылсын.
3. Кеңеш айыл өкмөтү менен “Арбын таза суу” ТСКАКБ ортосунда келишим түзүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |