Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 18-1
Арбын айылындагы “Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасынын эски имаратын муниципалдык менчиктин реестринен чыгаруу тууралуу
Кеңеш айыл аймагына караштуу Арбын айылындагы “Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасынын имараты жер титирөөдөн авариялык абалга келгендиктен эски имаратты бузуп ордуна жаңы имарат салуу үчүн айыл өкмөтүндөгү муниципалдык менчиктин реестринен чыгаруу тууралуу маселени угуп жана талкуулап “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” КРнын мыйзамынын 3-главасынын 10-беренесинин 2-пунктуна жана 11-беренесинин 2-пунктуна таянып Кеңеш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Арбын айылындагы “Жеткинчек-Кеңеш” балдар бакчасынын эски имараты жараксыз абалга келгендиктен бузулуп, айыл өкмөтүнүн мүлккө муниципалдык менчик укугу токтотулсун жана муниципалдык менчиктин реестринен чыгарылсын.
2. Балдар бакчасынан чыгарылган курулуш материалдарын комиссия аркылуу эсептелинип, акт менен Арбын айылынын айыл башчысы Кадыров Асанга өткөрүлүп берилсин жана комиссиянын чечиминин негизинде керектүү жерлерге иштетилсин.
3. Айнек-терезелери комиссия аркылуу эсептелинип, акт менен Арбын орто мектебине жана эски ФАПка өткөрүлүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин социалдык, маданий, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана дин иштери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Матисаков Абдыкалыкка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М |