Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 18-3
АРИС аркылуу алынган техниканын тарифин бекитүү
Айыл өкмөтүнүн АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган техниканын андан ары туруктуу иштеп кетүүсүн камсыз кылуу үчүн жумушчу комиссия тарабынан техниканы иштетүү боюнча жобонун негизинде иштелип чыгылган тарификациясын угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдыча башкаруу жөнүндөгү Мыйзамынын 4-бөлүмүнүн 31-беренесинин 2-пунктунун 5-14-пункутчаларына ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн АРИСтин долбоорлору аркылуу алынган экскватор-бульдозердун комерсиялык максатта кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифи бир саатына 590 сом өлчөмүндө бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
2. Экскватор-бульдозерду пайдалануудан келип түшкөн киреше Кеңеш айыл өкмөтүнүн ЖПБнин жайытты башкаруу планындагы бюджетинин киреше бөлүгүнүн булагы болуп эсептелинсин.
3. Экскватор-бульдозерго жумшалуучу чыгымдарды ЖПБ өзүнө алат жана бюджетинен каржылансын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика,бюджет,соода жана ишкердүүлүктү өнүктүрүү боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Кудайназаров Нурланга тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |