КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 18-4
Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын арызын кароо тууралуу
Арбын айылынын айыл башчысы Кадыров Асандын ушул айылдын тургуну Алиева Махабаттын 2006-жылы алган тамарка жеринин тизмеси райондук архивден чыкпай калгандыгына байланыштуу, жерине үй салып, салыктарын убагында төгүп жаткандыгы тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү Мыйзамынын 2-беренесине жана 13-беренесиинин 1-пунктунун 3-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылынын тургуну Алиева Махабаттын арызы канаттандырылсын.
2. Алиева Махабаттын 2006-жылы алган тамарка жери өзүнүн менчиги экендиги таанылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |