Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
(6-чакырылышы) кезексиз он сегизинчи сессиясы
2019-жылдын 13-марты № 18-5
Арбын айылынын тургуну Маткеримов Эгемберди Матазовичтин арызын кароо тууралуу
Арбын айылынын айыл башчысы Кадыров Асандын ушул айылдын тургуну Маткеримов Эгемберди Матазовичтин 2006-жылы сел кесепетинен жабыр тарткандыгы үчүн берилген тамарка жеринин тизмеси райондук архивден чыкпай калган жана архивдеги тизмеде Жолдошов Жеңиш деген атуул 33-катарда жана 114-катарда эки жолу катталып калгандыктан, 114 катарга Маткеримов Эгембердинин тизмесин киргизүү керектиги тууралуу билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кыргыз Республикасынын Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндөгү Мыйзамынын 2-беренесине жана 13-беренесиинин 1-пунктунун 3-пунктчасына таянып Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арбын айылынын тургуну Маткеримов Эгемберди Матазовичтин арызы канаттандырылсын.
2. Архивдеги тизмедеги 114-катардагы Жолдошов Жеңиштин ордуна Маткеримов Эгемберди Матазовичти киргизүү тууралуу маселени жогорку жактарга кайрылып чечип берүү жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |