Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 18-марты № 1
Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-октябрындагы № 6 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Амираевдин Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-октябрындагы № 6 токтомуна толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 25-сессиясынын кезексиз отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Чоң-Алай таза суулары» ишканасынын жетекчиси Т.Амираевдин сунушу эске алынсын.
2. Чоң-Алай айылдык кеңешинин 2018-жылдын 16-октябрындагы № 6 токтому 4-пункт менен төмөнкүдөй болуп толукталсын «Чоң-Алай таза суу» ишканасы Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн балансасында турган ичүүчү суу менен камсыз кылуу системасын тейлөөнү Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында түзүлгөн «Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасына өткөрүп берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Чоң-Алай айылдык кеңешинин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |