Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 25-сессиясы
2019-жылдын 18-марты № 2
«Чоң-Алай таза суулар» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Амираевдин таза суунун тарифтерин бекитип берүү жөнүндө сунушун кароо жөнүндө
«Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Т.Амираевдин Чоң-Алай айылдык аймагына караштуу айылдардагы таза суу пайдалануучуларга таза суунун тарифин бекитүү боюнча сунушун Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын
25-сессиясынын кезексиз отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. «Чоң-Алай таза суулар ишканасынын сунушу эске алынсын.
2. Таза суу пайдалануучуларга төмөнкүдөй тарифтер бекитилсин.
-айылдарда көчөдөн таза суу пайдалануучуларга бир жанга ай сайын 18 сом
-короодон суу пайдалануучулар үчүн бир жанга ай сайын 21 сом
-мекеме ишканалар үчүн 1 м кв жерге бир күнгө 0,3 сомдон
- ооруканадагы койка үчүн 125х1л=125х0,6=75 сом х 365= 27375 сом жылына
-мектептер жана бала бакчалар үчүн 1 балага х 0,5л = 0,5 х 0,6= 0,3 сом 1 күн үчүн болуп бекитилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чоң-Алай айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маматназаров |