Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 25-сессиясы
2019-жылдын 18-марты № 3
Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу жаңы конуштардын башкы пландарын бекитүү жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана жер адиси З.Исаковдун Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы жаңы конуштардын башкы пландарын бекитүү боюнча сунуштарын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын
25-сессиясынын кезексиз отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун сунушу эске алынсын.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы Чий-Арык, № 35, Кум-Талаа, Кара-Шыбак, Кызыл-Бел, Сары-Таш жаңы конуштары толугу менен ал эми Арык-/стү жаңы конушунан 7,0 га, Какыр жаңы конушунан 17,47 га жер аянттары транформация болбогондуктан калтырылып башкы пландары бекитилсин.
3. Башкы план түзүлгөн жер аянттары Кыргыз Республикасынын жер мыйзамдарына ылайык иш кагаздары даярдалып турак жай куруу үчүн бөлүнүп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |