Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 25-сессиясы
2019-жылдын 18-марты № 4
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана салыктар боюнча башкы адис А.Абжамиловдун айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү боюнча сунушун кароо жөнүдө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана салыктар боюнча башкы адис А.Абжамиловдун айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү боюнча сунуштарын
Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 25-сессиясынын кезексиз отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана салыктар боюнча башкы адис А.Абжамиловдун сунуштары эске алынсын
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнө караштуу айылдардагы атуулдарга берилген үлүш жерлердин базалык ставкасы, ижара жерлердин ижара акылары жана таштанды салыктары мурунку тарифте калтырылсын.
3. Айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгынын базалык ставкаларын көтөрүү боюнча маселени кароо 2020-жылга калтырылсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чоң-Алай айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына милдеттендирилсин.
Төрага | Н.Маматназаров |