Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 25-сессиясы
2019-жылдын 18-марты № 5
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын тургуну Д.Бактыбаевдин арызын кароо жөнүндө
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын тургуну Д.Бактыбаевдин ПМК участкасында жайгашкан 0,18 га турак жай куруу багытындагы жеке менчик жеринин 0,11 га жер аянтына тойкана курууга макулдулдук сураган арызын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 25-сессиясынын кезексиз отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын тургуну Д.Бактыбаевдин арызы эске алынсын.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын тургуну Д.Бактыбаевдин ПМК участкасында жайгашкан 0,18 га турак жай куруу багытындагы жеке менчик жеринин 0,11 га жер аянтына тойкана куруусуна макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чоң-Алай айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |