Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 25-сессиясы
2019-жылдын 18-марты № 6
Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасынын тургундарынын сунушун кароо жөнүндө
Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасынын тургундары айылды өнүктүрүү фонду тарабынан бала бакчага жеке менчик үйдү сатып алып ошол жеке менчик үйдү жана жер аянтын бала бакчага пайдалануу багытын өзгөртүү жөнүндө жергиликтүү тургундардын кайрылуу катын Чоң-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын депутаттарынын 25-сессиясынын кезексиз отуруму карап талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дароот-Коргон айылынын Кара-Кыя участкасынын тургундарынын кайрылуу каты эске алынсын.
2. Айылды өнүктүрүү фонду тарабынан бала бакчага алынган жеке менчик үй бала бакчага пайдаланууга багыты өзгөртүлсүн.
3. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы айылды өнүктүрүү фондуна жана айыл өкмөтүнө тиешелүү иш кагаздарын даярдоо айыл өкмөттүн башчысы Т.Жайчибековго жана жер адиси З.Исаковго милдеттендирилсин..
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Чоң-Алай айылдык кеңештин Айыл чарбасы, жер реформасы, көрктөндүрүү жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиянын курамына тапшырылсын.
Төрага | Н.Маматназаров |