Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
алтынчы чакырылышынын 21-сессиясы
2019-жылдын 16-октябры № 6
Чоң-Алай айыл аймагындагы тургундарды таза суу менен камсыз кылуу максатында «Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Мыйзамына ылайык жана Чоң-Алай айыл аймагында жашаган тургундарды таза ичүүчү суу менен камсыз кылуу, ичүүчү суунун коопсуздугун жана зыянсыздыгын, анын стандарттарга жана гигиеналык талаптарга жооп беришин көзөмөлгө алуу максатында «Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасын түзүү жөнүндөгү маселелерин угуп жана талкуулап
Чоң-Алай айыл кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн алдында «Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасы түзүлсүн;
2. «Чоң-Алай таза суулары» муниципалдык ишканасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Юстиция министрлигинин тийиштүү органдарынан юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы Т.Жайчибековго жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик каттоо үчүн тапшырылган документтердеги маалыматтардын анык экендиги жана мыйзамда белгиленген учурларда, юридикалык жакты мамлекеттик каттоо маселелери тиешелүү мамлекеттик жана (же) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары менен макулдашылгандыгы ырас.
Төрага | Н.Маматназаров |