Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 19-марты № 1
Кызыл-Туу айылынын тургуну Айнишов Автандилдин арызы жөнүндө
Кызыл-Туу айылынын тургуну Айнишов Автандилдин арызы боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн турак-жай ӨК адиси Айдаралиев Мурсабектин үстүнөн Кызыл-Туу айылынын тургуну Айнишов Автандил бир нече жолу арыз жазып, райондук прокуратура, райондук администрация тарабынан текшерилгендиги эске алынсын.
2. Бүгүнкү күндө Айдаралиев Мурсабектин буга чейинки иш мезгилинде кетирген кемчиликтери боюнча Айнишов Автандилдин арызы Ат-Башы райондук сотто каралып жаткандыгына байланыштуу жана соттун чечими менен Айдаралиев Мурсабектин мыйзам бузууга жол бергендиги аныкталса кызмат абалын чечүү жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө, төрага Б.Айыповго калтырылсын.
Төрага | Б.Айыпов |