Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 13-чү кезексиз сессиясы
2019-жылдын 19-марты №2
Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүү жөнүндө
Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүүгө карата карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүүгө карата линиянын башына башкы курулманы курууга жана линия өтүүчү тиешелүү жер аянттарын жайыт жерден курулуш алдындагы жерге которууга карата трансформациялоого сунушталсын.
2. Кара-Булуң айылына Миң-Булак участкасынан таза суу линиясын тартып келүүгө карата тиешелүү жер аянттарын жайыт жерден курулуш алдындагы жерге которууга карата трансформациялоого сунуштоо иш-кагаздарын бүтүрүү жагы Кара-Булуң айыл башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б.Айыпов |