Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ТУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
6-чакырылышынын 13-чү кезексиз сессиясы
2019-жылдын 19-марты № 4
Кара-Булуң айылынын тургуну Карагулов Молдобайды сыйлоо жөнүндө
Кара-Булуң айылынын тургуну Карагулов Молдобайды сыйлоо боюнча карап чыгып айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Булуң айылынан тургуну Карагулов Молдобай айыл чарба багытындагы иновациялык иштери үчүн, калктын инфраструктурасын өнүктүрүү багытындагы алгылыктуу иштери үчүн айыл өкмөттүн резервдик фондусунан 2000(эки миң) сом акча каражаты менен сыйлансын.
2. Кара-Булуң айылынан тургуну Карагулов Молдобайга айыл өкмөттүн резервдик фондусунан сыйлык катары берилген 2000(эки миң) сом акча каражатын бөлүп берүү, камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн ФЭБ башчысы Ф.Токушевага милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К.Бегалиевге тапшырылсын.
Төрага | Б.Айыпов |