Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23- марты № 17-1
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинде 2018-жылдын 1-январына бюджеттик эсепте калган 4139,1 миң сом жана атайын каражат эсебинде калган 432,9 миң сом акча каражатын. Кеңештин бюджет, финансы, салык жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясында алдын ала каралып, депутаттардын киргизген сунуштарынын негизинде Төрт-Көл айылдык Кеңеши.
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн бюджеттик эсеби 4139,1 миң сомго көбөйтүлсүн жана сметанын негизинде төмөндөгү бөлүмдөрдүн статьяларына бөлүнүп берилсин.
2. 2018-жылга Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн атайын каражат эсеби 432,9 миң сомго көбөйтүлсүн жана сметанын негизинде төмөндөгү бөлүмдөрдүн статьяларына бөлүнүп берилсин.
3. Балдар бакчаларынын ата-энелердин тамак ашка төлөмдөрү 600сомдон ал эми Жанибек ата балдар бакчасынын ата-энелердин тамак ашка төлөмдөрү январь,февраль,март айлары үчүн 800сомдон белгиленсин.
4. Аруу сезим,Т.Абакиров балдар бакчаларынын ар кандай чыгымдарга ата-энелердин төлөмдөрү 100сомдон.
5. Муниципалдык менчикте турган турак жайлардын 1м2 30сомдон белгиленсин
6. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | С.Ахмедов |