Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 20-апрели № 18-5
Ана-Кызыл айылындагы ИРДОПАЗ ишканасы иштетип кеткен жер тилкесиндеги жер жөнүндө
Ана-Кызыл айылындагы ИРДОПАЗ ишканасы иштетип кеткен жер тилкесиндеги Басизбаева Динарага ижарага берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы №114 сандуу токтомунжокко чыгаруу жөнүндөгү маселени карап жана талкуулап Төрт-Көл айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Басизбаева Динарага Ана-Кызыл айылындагы ИРДОПАЗ ишканасы иштетип кеткен участоктон 2,0 (эки) га жер тилкесин 49-жылга ижарага берүү жөнүндөгү Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 20-декабрындагы №114 сандуу токтому жерди 2012-жылдан бери пайдаланбай келе жаткандыгына байланыштуу жокко чыгарылсын.
2. Басизбаева Динарага ИРДОПАЗ ишканасы иштетип кеткен участоктон берилген 2,0 (эки) га жер тилкеси Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн тескөөсүнө өткөрүлүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин айыл чарба, өнөр жай, курулуш, транспорт, жана энергетика маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттедирилсин
Төрага | С. Ахмедов |