Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI –шайланган депутаттардын кезектеги XVIII-сессиясы
2018-жылдын 02-июлу № 21
Бостон айылындагы кулубдун аймагына машыктыруучу зал курууга макулдук берүү жөнүндө
Бостон айылындагы кулубтун аймагына машыктыруучу зал курууга макулдук берүү жөнүндөгү маселени карап талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Бостон айылындагы кулубтун аймагына 1500 м2 жер тилкесине машыктыруучу зал курууга макулдук берилсин.
1. Тийиштүү иш кагаздары даярдап берүү жагы Өзгөн райондук Жер кадастры жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо боюнча башкармалыгына, Өзгөн райондук шаар курурулушу жана архитектура боюнча башкармалыгына сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кеңешинин план бюджет, өнөр жай,курулуш,транспорт,жана энергетика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | С. Ахмедов |