Загрузка документа…
ТӨРТ-КӨЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI –шайланган депутаттардын кезектеги XX-сессиясы
2018-жылдын 24-октябры № 23-4
Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунаасын пайдалануудан чыгаруу жана жаңы кызматтык автоунаа сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык кызмат жөнүндө” жана “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамдарынын негизинде Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн кызматтык автоунасы 2008-жылдан бери пайдаланып келип оңдоого кеткен чыгымдар өзүн актабай калгандыктан жарактан чыгарып, жаңы авто унаа сатып алуу боюнча айыл өкмөт башчысынын орун басары М. Кыргызбаевдин билдирүүсүн талкуулап Төрт-Көл айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2008-жылы чыгарылган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү кызматтык авто унаасы эскилиги жетип, пайдаланууга болбой калгандыктан жарактан чыгарылсын.
2. Жаңы автоунаа сатып алуу үчүн жергиликтүү бюджеттен акча каражаты каралсын.
3. Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн 2008-жылы чыгарылган ВАЗ 2107 үлгүсүндөгү кызматтык авто унааны жарактан чыгаруу жана Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” Мыйзамынын талаптарына ылайык жаңы авто унаа сатып алуу Төрт-Көл айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Төрт-Көл айылдык Кенешинин финансы, экономика, бюджет маселери боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендрилсин.
Төрага | С.Ахмедов |