Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
2019-жылдын 13-февралы №2
Салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын базалык ставкасынын өлчөмдөрүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 337-статьясынын негизинде аймактагы юридикалык жактардын (үлүш) жер аянттарын аймактын татаал климаттык шартына ылайык жана топурактын асылдуулугун эске алуу менен 1 га жер аянтына төмөндөгүдөй базалык ставкалардын өлчөмү бекитилсин:
Кашка-Суу айылы боюнча -73,0сом
Ачык-Суу айылы боюнча -80,50 сом
Кабык айылы боюнча -56,0 сом
Кара-Кабак айылы боюнча -77,30 сом.
Жайылма айылы боюнча -73,0 сом.
Бурган-Суу айылы боюнча-73,0 сом
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |