Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
2019-жылдын 13-февралы № 3
Салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланылган жер аянттарынын салык өлчөмдөрүнүн белгилөө жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айылдык аймагынын кайра бөлүштүрүү фондунун эсебинен пайдаланылган жер аянттарынын салыгы суулуу жер аянттарына Салык Кодексинин 337-ст 1-беренесине ылайык 183 сом, чөп чабынды жерлер үчүн 21,10 сом жана аренданын жер салыгы үчүн 93,0 сом жана кайрак жер үчүн 30,0 сом салык төлөмү бекитилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |