Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
2019-жылдын 13-февралы № 4
Салык өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-беренесине ылайык аймактагы айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коэфиценттерин өлчөмүн бекитүү жөнүндө Кашка-Суу айылдык аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы К.Жалиловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 1-беренесинде белгиленген жердин ставкасы таблицанын негизинде жашаган калктын санына карата 1,6 сом-м2 бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 4-беренесинде бекитилген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө КЗ-зоналдык коэффицент 1,2 сом өлчөмүндө бекитилсин.
3. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 6-беренесинде белгиленген айыл чарба багытындагы эмес жерлерге салык эсептөөдө комерциялыккоэфицентин (КК) өлчөмү дүкөндөр үчүн төмөндөгү таблицанын негизинде
Аянт М2 10 м2 чейин 10-20 чейин
М2 20-35м2 35-50м2 50 андан
жогору м2
ККнын негизи 22,5 16,5 10,5 7,5 6
жана АЗСтер үчүн 10 сом м2, техникаларды оңдоочу жайлары үчүн м2-0,2жана тоо кен иштеткен ишканалардын имараттары жана сооружениелери үчүн м2-0,3 сом бекитилсин.
4. Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 339-статьясынын 5-пункутуна ылайык аймакта калк жашаган конуштардын эшик алды жер аянттарынан, жашап жаткан менчик үйлөрүнүн бөлүгүн, же үйлөрүн пайдаланган учурга айыл чарба багытындагы эмес жер аянттарын коммерциялык коэфиценти КК 1,0 өлчөмүндө бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин бюджет, салыктар жана финансы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |