Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
2019-жылдын 13-февралы № 10
Кашка-Суу айылдык аймагынын жеке ветеринарлардын жандыктарды ветеринардык тейлоо иш чараларында акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн баалоо прейскурантын бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын ветеринария жана мал чарбасы боюнча адиси А.Тажимаматовдун айыл аймактагы жеке ветеринарлардын жандыктарды ветеринардык тейлоо иш чараларында акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн баалоо прейскурантын бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кашка-Суу айыл аймагынын жеке ветеринарлардын жандыктарды ветеринардык тейлоо иш чараларында акы алып кызмат көрсөтүүсүнүн 2019-жылга баалоо прейскуранты 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Иш чаранын аткаруу, колго алуу, көзөмөлдөө жагы Кашка-Суу айыл аймагынын ветеринария жана мал чарбасы боюнча адиси А.Тажимаматовко жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышыны көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин Укук тартиби , мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |
Чон-Алай райондук жана Кашка-Суу айылдык аймактык
Фитосанитардык коопсуздук кеңешинин төрагасы :
боюнча баршкармалыгынын башчысы: ____________________Ы. Эрмаматов __________________ С. Калбаев «_____»________________2019-ж «_____»________________2019-ж
К № | Аткарылуучу Ветеринардык иш-чаралардын аталышы | Жандыктардын түрлөрү боюнча 1баш малга кызмат көрсөтүү акысы (сом) | ||||
Бодо (КРС) | Жылкы (лошодь) | Кой-эчки (МРС) | Уй-канатуулары (дом птици) | Ит-мышык (соб. Кош) | ||
1 | Малдардын жугуштуу, мителик, жугусуз ыландарын эмдөө, дарылоо иштеринде щприц менен ийне сайуу аркылуу эт аралыгына, тери астына ,био каражатарды берүү (инөекция) | 40 | 50 | 20 | 10 | 40 |
2 | Малдарды жугуштуу, мителик жана жугушсуз ыландарына антбиотик биокаражаттарды ооз аркылуу даарлоо (дегельминтизациялоо) | 20 | 30 | 10 | 5 | 30 |
3 | Туберкуллез ыланын аныктоо үчүн (туберкулин )ППД тери аралыгына шприц аркылуу ийне сайуу менен (инөекия)берүү жана аныктоо | 40 | - | - | - | - |
4 | Малдын жугуштуу (бруцеллез, сап, салмонеллез ж.б) ыландарын аныктоо үчүн кан алуу ,лабараторияга жиберүү. | 40 | 50 | 25 | - | 40 |
5 | Кой-эчкилерди бруцеллез ыланына карышы алдын- ала (профилактикалык) эмдөө (РЕВ-1 вакцинасын көзгө тамызуу) | - | - | 20 | - | - |
6 | Малдын сынган сөөктөрүн шакшак койуп таңуу же гипстөө | 100 | 100 | 50 | - | 50 |
7 | Бүтөө же ачык (опцесс,флегмона,актинамикоз) жараларды дарылоо (операция жасоо) | 100 | 100 | 70 | - | 100 |
8 | Эмчектин кабылдап кеткен (мастит)дартын даарылоо | 150 | 150 | 100 | - | - |
9 | Жатындын кабылдат кетуусу (метирит, эндометрит) дартын даарылоо | 200 | 200 | 100 | - | - |
10 | Малдын жатыны толук же жарым түшкөндө одуна кайра салуу | 300 | 300 | 100 | - | 50 |
11 | Малдарга кан тамыры аркылуу дары куюу (копельница) | 100 | 100 | 50 | - | - |
12 | Котур (чесотка) ыланына карышы бышуу (купка) |
|
|
|
|
|
13 | Малдарга магнит зондун салып аш карындарын текшерүү же жөнөкөй зонд аркылуу дары куюу | 100 | 100 | 50 | - | - |
14 | Мал чарба азыктарын (эт, сүт, айран, курут, сүзмө, ж.б) экспертөө жана сатууга , башка жака барууга, тамак ашка пайдаланууга жарактуулугу тууралуу форма №4 ,форма №2а күбөлүгүн берүү | 200 | 200 | 100 | 50 | - |
15 | Малды сатуу, башка жака ташуу,же бирөөгө өткөрүп берүүдө ветеринардык кароо жүргүзүү, ветеринардык форма №1а күбөлүгүн берүү | 50 | 50 | 15 | 5 | 50 |
16 | Малдарга жараатына жараша новокаин же башка оруксуздандыруучу каражат менен блокада жасоо. | 50 | 50 | 50 | - | 50 |
Ветеринардык адисти үйгө чакырып баруу 30 сом . ветеринардык адистин алып барган дары- дармектери, дагы башка керектелүүчү материялдар , унаа чыгымы (күйүүчү майлар) кошумча төлөнөт.
Кашка-Суу айылдык аймагынын МЧВК боюнча адиси ветврач А.Ч. Тажимаматов