Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
2019-жылдын 13-февралы № 12
Жайытка чыккан малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндө
Кашка-Суу айыл аймагынын Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловдун жайытка чыккан малдарга жайыт пайдалануу үчүн төлөмдүн көлөмүн бекитүү жөнүндөгү баяндамасын угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айыл аймактык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү салыктын көлөмү төмөнкүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- Чоң бодо мал топоздор үчүн - 44 сом ;
- Жаш бодо мал топоздор үчүн - 31 сом;
- Кой-эчки үчүн - 9 сом;
- Жылкы, эшек үчүн - 44 сом ;
- Төөлөр үчүн - 44 сом;
- Башка жактан келген кой үчүн -50 сом.
2. Жайытка чыккан малдарга төлөнүүчү төлөмдү убагында топтоо, төгүү, жоопкерчилигин алуу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы А.Абдыхалиловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Жер,турак жай жана жайыт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |