Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын кезексиз биринчи сессиясы
2019-жылдын 13-февралы № 14
Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө
Жайылма айылынын көчө тургундарынын Жайылма айылындагы жаңы түшкөн конушка маркум Абдужалилов Патидиндин атын коюу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайылма айылындагы жаңы түшкөн конушка көчө тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен маркум Абдужалилов Патидиндин аты ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгын жана ирээттүүлүгүн карап туруу маркум Абдужалилов Патидиндин туугандарына жана көчө башчысына тапшырылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын тактап даярдоо маркум Абдужалилов Патидиндин туугандарына жана Жайылма айылынын айыл башчысы Ө.Гайыповго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Укук тартиби , мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |