Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2019-жылдын 13-февралы № 15
Көчөгө ат ыйгаруу жөнүндө
Жайылма айылынын көчө тургундарынын Жайылма айылындагы жаңы түшкөн конушка маркум Буркан Эгембердиевдин атын коюу жөнүндөгү кайрылуусун карап чыгып жана талкуулап Кашка-Суу айыл аймактык Кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги алтынчы сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Жайылма айылынын жаңы түшкөн көчөгө, көчө тургундарынын кайрылуусун эске алуу менен маркум Буркан Эгембердиевдин аты ыйгарылсын.
2. Көчөнүн тазалыгын жана ирээттүүлүгүн карап туруу маркум Буркан Эгембердиевдин туугандарына жана көчө башчысына тапшырылсын.
3. Тиешелүү иш кагаздарын тактап, даярдоо маркум Буркан Эгембердиевдин туугандарына жана Жайылма айылынын айыл башчысы Ө.Гайыповго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин Укук тартиби , мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар менен байланыш боюнча туруктуу комитетине тапшырылсын.
Төрага | Ы.Ж.Эрмаматов |